28-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
Эртең 28-декабрда абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7;
Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;
Баткенде түнкүсүн түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-15, күндүз -5...-10 градуска чейин жогорулайт.
28-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -8…-10°, күндүзгү жогорку температурасы -3…-5° суук болушу күтүлөт.