Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

“Түндүк электр”: үзүлгөн зымдардын 60 пайызы уланды


Бишкектеги кар.
Бишкектеги кар.

Калың кардын айынан үзүлгөн электр жарыгынын 60 пайызы калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Гуля Мураталиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жана Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облустарынын онго жакын районунда электр линиялары карды көтөрө албай бүгүн таңда үзүлгөн.

- Учурда 143 бригада оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Азыркыга чейин үзүлгөн зымдардын 60 пайызы калыбына келтирилди. Биздин кызматкерлер караңгы киргенге чейин оңдоо иштерин улантат, - деди Мураталиева.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түшкөн. Ушундан улам электр зымдары үзүлүп, электр жарыгы өчкөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG