Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

"Facebook" Рамзан Кадыровдун барагына бөгөт койду


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго каршы АКШнын санкциясынан улам "Facebook" социалдык түйүнүндөгү анын барагына бөгөт коюлду.

Бул тууралуу социалдык түйүндүн маалымат кызматына шилтеме келтирип, “Медиазона" интернет-порталы кабарлады.

"Facebook" компаниясынын өкүлүнүн түшүндүрмөсүнө караганда, алар Кадыровдун аккаунтуна бөгөт коюуга милдеттүү болчу.

Мунун негизги себеби - Чеченстандын башчысы «АКШда тыюу салынган жана өзгөчө категориядагы адамдардын тизмесине» киргизилген.

Ушундан улам Рамзан Кадыровдун "Instagram" жана "Facebook" социалдык түйүнүндөгү расмий барактарына 23-декабрдан тартып тосмо коюлган.

Кадыров өткөн аптада АКШда "Магнитски мыйзамынын" негизинде түзүлгөн санкциялык тизмеге кошулган болчу. Ал Чеченстандагы адам укуктарын бузганы үчүн айыпталган.

“Биз "Магнитски мыйзамын" Орусияда адам укуктарын одоно бузгандарга, анын ичинде адамды сотсуз өлтүргөндөргө, кыйнагандарга, жек көрүүгө арзый турган башка аракеттерге баргандарга каршы агрессивдүү чара көрүш үчүн пайдаланууну улантабыз", - деп белгилеген АКШнын Каржы министрлигинин санкциялар башкармалыгынын директору Жон Смит 21-декабрдагы билдирүүдө.

Кремл болсо Кадыровго каршы санкцияны “мыйзамсыз” деп атаган.

Санкциялык тизмедегилер каржылык жана саякат жагынан ар кандай чектөөлөргө кабылышат.

АКШнын мыйзамы 2009-жылы Орусиянын түрмөсүндө каза тапкан юрист Сергей Магнитскинин ысымы менен аталган. (UE)

XS
SM
MD
LG