Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Шаардык милиция өлгөн кыздын видеосун тараткан кызматкерди жоопко тартат


Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, өлгөн кызды тасмага тартып, аны "WhatsApp" аркылуу башкаларга тараткан кызматкер жоопко тартылат. Анын айтымында, учурда Биринчи Май райондук милициясы окуяны териштирип жатат. Ички иликтөө кызматы териштирүүдөн соң милиционердин аракетине юридикалык баа берет.

Алдын-ала тергөөдө Биринчи Май райондук милициясынын лейтенанты асынып өлгөн кызды видеого тартып, аны көпчүлүккө таратканы аныкталган.

21-декабрда Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен асынып өлгөн 23-25 жаштагы кыздын денеси табылган. Сөөктү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эшикти талкалап киргенде көрүшкөн. Ага чейин маркумдун кошуналары шек санап министрликке кайрылышкан. Учурда кыздын табышмактуу өлүмү боюнча иликтөө иштери улантылып жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG