Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Аскар Мамин баштаган делегация Бишкекке январдын этегине келмекчи. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 27-декабрда журналисттер менен жыл жыйынтыгы боюнча жолугушууда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министрдин айтымында, эки өкмөт өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековдун Астанадагы расмий иш сапарында казак тарап менен бирге аныкталган багыттарды, анын ичинде "Жол картасын" ишке ашыруунун жолдорун талкуулашат:
- "Жол картасынын" ичинде элүүдөй иш-чара бар. Бүгүнкү маалымат боюнча анын жарымы, 25и толугу менен аткарылды. Ал эми системалуу иш-чаралар убакытты талап кылат. Биз тараптан да, казак тараптан да мыйзам, токтомдор кабыл алынышы керек. Мунун баарын аткарып атабыз. Эки президент сүйлөшкөндө кыска мөөнөттө чечилиши керек болгон маселелер боюнча Нурсултан Назарбаев да, Сооронбай Жээнбеков да өз өкмөттөрүнө тиешелүү тапшырмаларды берген.
Тышкы иштер министри күзгү солгундоодон кийинки эки президенттин Астанада жолугушуусун тарыхый бурулуш катары баалады.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда Казакстанда расмий иш сапарында болгон. Анда эки президент тең өз өкмөттөрүнө кызматташтыкты өркүндөтүү, ортодогу маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды беришкени маалымдалган. (NT)