Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кегетиде уулангандардын арасында төрт мугалим бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Кегети айылында ууланган окуучулардын абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында кечээ мектептеги уулануудан улам Токмоктогу Чүй райондук ооруканасына 106 окуучу жана төрт мугалим кайрылган.

Алардын 38и жалпы палаталарга, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн, 28-декабрда үч окуучу жалпы палатага которулуп, калгандары ооруканадан чыкты.

Кечээ, 27-декабрда Чүй облусунун Кегети айылында жайгашкан Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган окуучулар генератордон чыккан түтүнгө ууланган. Маалыматка ылайык, окуучулар электр жок учурда мектептин жыйындар залында электр чыгаруучу генератордун жардамы менен балаты майрамын уюштурган.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түшкөн. Ушундан улам электр зымдары үзүлүп, электр жарыгы өчкөн. (RK/UEz)

XS
SM
MD
LG