Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:09

Бишкек–Ош жолу бүгүн таңда жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында жол кечээ, 27-декабрда 23:30да жеңил унаалар үчүн, бүгүн таңкы 8:30да жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды.

Кечээ, 27-декабрда калың жааган кардан улам Ош–Бишкек жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Анын айынан Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда 120 оор жүк ташуучу жана 225 жеңил автоунаа, ал эми Токтогул районунун "Арал" постунда 500 оор жүк ташуучу жана 200 жеңил машине топтолгон болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл экенин эскертет. (UEz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG