Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:26

Кабулдагы чабуулдан кеминде 40 киши мерт болду


Ооганстандын Ички иштер министрлиги Кабулдагы шииттердин маданий борборундагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде 40 киши каза таап, 30дайы жабыркаганын кабарлады.

Министрликтин басма сөз өкүлү Насрат Рахими жардыруу Кабулдун батыш тарабындагы «Ооган добушу» аттуу жаңылыктар агенттигинин жанындагы имаратта болгонун билдирди. Чабуул маалында бул борбордо советтик аскерлердин Ооганстанга киришинин 38 жылдыгы белгиленип жаткан. Жанкечти имаратка кирип келип, өзүн жардырып жиберген.

Аны улай шииттердин борборуна жардамга келгендер топтошуп турган маалда имараттын сыртында дагы эки жардыруу болгону айтылууда. Имарат жаңылыктар агенттигинин жанында жайгашкандыктан, алгач жоочулардын негизги бутасы медиа каражаты болгон деген кабарлар тараган. «Талибан» кыймылы бул чабуулга тиешеси жок экенин "Твиттер" аркылуу кабарлады.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG