Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:55

Путин Санкт-Петербургдагы жардырууну "теракт" деп атады


Президент Путин Сирияда кызмат өтөгөн аскерлер менен жолугушууда, 28-декабрь, 2017-жыл.
Президент Путин Сирияда кызмат өтөгөн аскерлер менен жолугушууда, 28-декабрь, 2017-жыл.

Президент Владимир Путин шаршембиде Санкт-Петербургда болгон окуяны "теракт" деп атады. Орусиянын Тергөө комитети шаардагы тамак-аш саткан «Перекресток» дүкөнүндөгү жардырууну адам өмүрүнө кол салуу катары карап, анын кубаттуулугун тротил эквиваленти менен 200 граммга баалады.

Колго жасалган бомба жарылганда 13 киши жабыркады.

27-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7ге чукул болгон окуяда дүкөндүн ичиндеги кампага коюлган жардыргыч зат жарылган. Орусиянын атайын кызматтары жардыруу боюнча теракт катары эмес, “Коомго коркунучтуу жол менен эки же андан ашык кишинин өмүрүнө кол салуу” беренесине ылайык кылмыш иши козгогон.

XS
SM
MD
LG