Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:36

Талас: катуу шамал үйлөр менен мекемелердин чатырларын учурду


Таластагы шамалдан кийинки көрүнүш.

27-декабрда Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн жана социалдык обьектилердин чатырларын учурган.

Райондук жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматына ылайык, Кара-Буура районунда 182 үйдүн, 15 социалдык обьектинин, 16 бастырманын, 72 сарайдын чатырлары жараксыз абалга келген.

Бакай-Ата районунда секундуна 26 метрге чейин жеткен шамалдын натыйжасында 6 үйдүн, 3 социалдык мекеменин чатыры бүлүндү. Ал эми Манас районунда 288 үйдүн, 10 мекеменин, 143 сарайдын чатырын шамал керектен чыгарды.

Кырдаалга байланыштуу парламенттин спикери Дастан Жумабеков өкмөт тез арада табият кырсыгынын кесепетин жоюуга аракет кылышы керек экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушундай эле катуу шамал Алай, Чоң-Алай, Чаткал, Баткен, Ала-Бука жана башка райондордо болуп, жүздөгөн үйлөрдүн жана ондогон мектептердин чатырларын алып кеткенин, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG