Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Активист президенттин доосу үчүн Жогорку соттон акча чогултат


Чолпон Жакупова, Дина Маслова, Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова, Нарын Айып.

Cөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов өзүнүн "Facebook" барагына видео кайрылуу жайгаштырып, сөз эркиндигине кайдыгер эмес жарандарды Жогорку соттун имаратына келүүгө үндөдү. Ал эртең, 29-декабрда президенттин доосу үчүн Жогорку соттун судьяларынан акча топтолоорун билдирди.

- Бир топ медиа мыйзамсыз чечимдер менен 40 миллиондой айыпка жыгылды. Бул жоопкерчиликти Жогорку сот да сезиш керек. Ошондуктан алардан да акча чогултабыз, - деди Турдукулов.

Буга чейин 17 медиа жана эл аралык уюм доого жыгылган кесиптештерин колдоо максатында каражат топтоп жатканы айтылган.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен "Адилет" укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, "Ата Мекен" партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Жакупова элден чогултулган суммадан баш тартып, аны журналисттерге берүү ниетин билдирген.

Андан тышкары, "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков "азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине далилсиз маалыматтарды таратты" деп, 10 миллион сом доого жыгылышты. Бул жагдайды эксперттер жана укук коргоочулар сөз эркиндигин чектөө жана саясий куугунтук катары баалап келишет. (UEz)

XS
SM
MD
LG