Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Дарыя жээгинде кум-шагыл, кен казууга тыюу салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Сапар Исаков 28-декабрда тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкөдөгү дарыялардын жээктеринде, көлмөлөрдө кен казууга лицензия берүүгө тыюу салууну тапшырды. Ошондой эле мурда берилген лицензияларды кайтарып алуу жөнүндө тапшырма берди.

Исаковдун айтымында, дарыя бойлорунан кум-шагыл казуу экологияга, экономикага жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан учурда мындай иштер токтошу керек.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция дарыя жээктериндеги жана көлмөлөрдөгү коркунучтуу участкаларды аныктап, анын жыйынтыгы боюнча сунуштарды Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине берүүгө тийиш. Чүй дарыясынын жээгинде кум жана таш казуу менен алектенген компаниялардын иши текшерилмей болду.

Кыргызстанда курулуш жана башка иштер үчүн дарыя жээктеринен кум-шагыл, таш казылып алынат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, суу жээктеринен шагыл алуу өзгөчө кырдаалдарга себеп болуп жатат.

Мындан тышкары суу жээктеринде алтын казуудан улам бир катар аймактарда дарыялар булганганы боюнча элде нааразылык чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG