Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Жолдон тайгаланып жабыркагандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жолдон тайгаланып, ар кандай жаракат алган жөө жүргүнчүлөр былтыркыга салыштырмалуу көбөйдү. Бул тууралуу медициналык-консультациялык кызмат борборунун бөлүм башчысы Дөлөсбек Сооромбаев билдирди. Алсак, Манас көчөсүндөгү борбордук пунктка 50 киши кайрылган. Көпчүлүгү колунан ар түрдүү жаракат алса, калгандары денесин чоюп алганы үчүн кайрылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандар тайгак жолдон кулап жабыркаган учурда травматология борборуна кайрылууну сунуш кылып, дарыгерлер күнү-түнү адамдарды кабыл алууга даяр экенин маалымдайт. Ошондой эле дарыгерлер жарандарды көчөдөн жөө басып жатканда этият болууга чакырышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG