Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2017-жылы 325 жаратылыш кырсыгы болуп, андан 141 киши каза болгон. Булардын ичинен кар көчкү, жер көчкүлөр 45 өмүрдү жалмаса, өрттүн айынан беш киши көз жумган.
Эң чоң табият кырсыгы 2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында катталган. Анда жер көчкү жети үйдү басып калган. Көчкүнүн алдында калган алты үйдөн 24 адам каза болгон. Алардын тогузу жаш балдар болчу. (KE/UEz)