Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Орусия АКШнын чалгын учактарына чектөө коёт


АКШнын аскердик учактары.
АКШнын аскердик учактары.

Орусия жаңы жылдан тартып өз аба мейкиндигинде АКШнын аскердик учактарынын чалгын максатын көздөгөн каттамдарына чектөө киргизет.

Жаңы чектөөгө ылайык, америкалык аскердик учактар Орусиянын айрым аба базаларын колдоно албай калышы мүмкүн экендигин "РИА-Новости" агенттиги Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Мария Захарованын "Интерфакс" агенттигинде жарыяланган сөздөрүнө ылайык, Орусия АКШга байланышы бар аба каттамдарына үч аэродромун түнкүсүн колдонууга тыюу салат.

Орус тарап жаңы эрежелерди Вашингтондун ушуга окшош чектөө киргизгени менен түшүндүрүп жатат. 1992-жылы кол коюлган "Ачык асман" келишимине ылайык, эки өлкө өз аймактарында чалгын учактарынын каттамдарына уруксат берген. Бул келишим "Кансыз согуштан" кийинки дүйнөдөгү эки ири өзөктүк державанын ортосундагы ишенимдин белгиси катары мүнөздөлгөн.

Бирок июнь айында Вашингтон өз учактарына Калининграддын үстүнөн учууга чектөө коюлуп жатканын билдирип, Москваны "бул келишимдин нормаларын бузду" деп айыптаган. Ушундан улам АКШ өз аба мейкиндигиндеги орус тараптын каттамдарына чектөө киргизерин билдирген.

XS
SM
MD
LG