Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:25

Москвада дагы бир автобус кырсыкка кабылды


Москванын автокырсык болгон аймагы, 29-декабрь.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Москвада жүргүнчү ташыган автобус аралашкан жол кырсыгынан эки киши каза тапты" деген маалыматты четке какты. Министрликтин өкүлү жума күнү автобус аялдаманы сүзүп кирген окуядан үч киши жабыркаганын билдирди.

Кырсык Москванын түндүк-батышындагы Южное Тушино районунда Химкинский бульварындагы аялдамада болгон. Москванын мэри Сергей Собянин окуяны дыкат иликтөөнү буюрду.

Бир жума ичинде Орусиянын башкалаасында ушуну менен экинчи жолу автобус аралашкан жол кырсыгы болуп жатат. 25-декабрда жүргүнчү автобусу жөө жарандарды сүзүп кетип, андан төрт киши мерт болгон. Ондой адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG