Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Тажикстандын мурдагы президентинин аялы өрттө каза тапты


Рахмон Набиев жубайы Мариям Набиева менен.
Рахмон Набиев жубайы Мариям Набиева менен.

Тажикстандын шайлоо аркылуу бийликке келген биринчи президенти Рахмон Набиевдин жесири өрттөн каза тапты. 80 жаштагы Мариям Набиева 28-декабрда өлкөнүн түштүгүндөгү өз үйүндө чыккан өрттөн ажал тапканын анын жакындары "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди.

Бийлик өкүлдөрү тилсиз жоого эмне себеп болгонун айта элек. "Кимдир-бирөө атайылап от коюшу мүмкүнбү?" деген суроолор да жоопсуз калууда. Учурда иликтөө жүрүп жатканы белгилүү болду.

Рахмон Набиев 1991-жылы Тажикстан эгемендигин жарыялагандан эки айдан кийин өлкөнүн президенти болуп шайланган. Ал бир жылдан кийин, 1992-жылдын март айында башталган жарандык согуш маалында каршылаштарынын кысымынан улам кызматын тапшырып кеткен.

Набиев 1993-жылы апрель айында жүрөгү кармап каза болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG