“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жаңы жылдан кийин саясий ишмердигин жандантып, саясий күчтөр менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн “Азаттыкка” радиосуна билдирди.
- Сүйлөшүүлөр, жолугушуулар азыр деле өтүп жатат. Жаңы жылдан кийин жанданат. Саясий күчтөрдү бириктирүү багытында да сүйлөшүүлөр болот. Максат - кийинки парламенттик шайлоого даярдануу, - деди Сариев.
Мурдагы премьер-министрТемир Сариев 15-октябрдагы президенттик шайлоого катышып, 3 пайызга жакын добуш менен 4-орунду алган. Ал шайлоо алдында айрым талапкерлер менен биригүү тууралуу сүйлөшкөнүн айтып, бирок жарышка өз бетинче катышкан. (UEz)