Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Боронов: 2018-жылы тик учак сатып алууга аракет кылабыз


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттык” менен болгон маегинде министрлик 2018-жылы тик учак сатып алууга колдон келишинче аракет кыларын билдирди. Анын айтымында, бул демилгени президент менен өкмөт да колдоп жатат.

- Биз буюрса универсалдуу тик учак сатып алууга аркет кылып жатабыз. Президент да, өкмөт башчы да колдоп жатат. Учурда каражат маселеси сүйлөшүлүп жатат, - деди Боронов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тик учактын жоктугу табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда кыйынчылыктарды жаратып, коомчулукта кескин сынга алынып келет. Тик учак алуу маселеси өкмөттө буга чейин да нечен жолу көтөрүлүп, акчанын тартыштыгына байланыштуу чечилбей келет. Айрым активисттер тик учак сатып алууга акча чогулткан акцияларды да уюштурушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2017-жылы 325 жаратылыш кырсыгы болуп, андан 141 киши каза болгон. Булардын ичинен кар көчкү, жер көчкүлөр 45 өмүрдү жалмаса, өрттүн айынан беш киши көз жумган. (UEz)

XS
SM
MD
LG