Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:42

Москва соту "Hermitage" фондунун башчысын сыртынан кести


Уильям Браудер.
Уильям Браудер.

Москванын Тверской райондук соту британ жараны, "Hermitage Capital" инвестициялык фондунун башчысы Уильям Браудерди 9 жылга сыртынан абакка кести. Браудер - орус адвокаты Сергей Магнитский 2009-жылы Орусиянын тергөө абагында көз жумгандан кийин Москвага каршы санкция киргизүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири.

Сот Браудерди 90-жылдары "компанияларды атайын банкротко жетелеген", "салык төлөөдөн качкан" деп тапты. Ошондой эле Браудердин жана аны менен кошо соттолуп, сегиз жылга сыртынан кесилген өнөктөшү Иван Черкасовдун мүлкүн тартып алып, мамлекеттин эсебине 4 миллиард рубль өндүрүүнү да буюрду. Соттолуучулардын адвокаттары жогорку инстанцияларга арызданышарын билдиришти.

Эки айыпталуучу тең учурда Улуу Британияда жашашат. 2013-жылы да Браудер "жарым миллиард рублдук салыкты төлөгөн эмес" деген айып менен жылга сыртынан кесилген. Ал орус бийлигинин айыптарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG