Линктер

жума, 27-апрель, 2018 Бишкек убактысы 07:03

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Перекресток» супермаркетиндеги жардыруу үчүн «Ислам мамлекети» террорчул тобу жоопкерчиликти алды. Бул тууралуу топтун ишмердигине мониторинг кылган SITE Intelligence Group сайты кабарлады.

27-декабрда Санкт-Петербургдун Калинин аянтындагы «Перекресток» дүкөнүнүн кампасында жардыруу болуп, 17 киши жараат алган. Окуяны орус президенти Владимир Путин «теракт» деп атаган болчу.

Орусиянын Тергөө комитети дүкөндөгү жардырууну адам өмүрүнө кол салуу катары карап, жардыргыч заттын кубаттуулугун тротил эквиваленти менен 200 граммга баалаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG