Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 16:16

Ирандын чыгышындагы Керманшах шаарындагы 29-декабрда өткөн өкмөткө каршы демонстрацияны полиция күч менен таратты. Акцияга чыккан ондогон адамдар кармалды. Алгач өлкөдөгү кымбаттоолорго каршы башталган акцияда саясий талаптар коюлуп, манифестациялар өткөнүн “Азаттыктын” Иран кызматы кабарлады.

Керманшахдын борбордук аянтына чогулгандар саясий туткундарды бошотууну талап кылып, “Эркиндик же өлүм” деп кыйкырып турушту.

Чогулгандар арасында “Диктаторго өлүм" деп кыйкыргандар да болду. Бирок митингге чыккандар өлкөнүн рухий лидери Аятолла Хаменеи же президент Хасан Роуханинин атын аташкан жок.

Андан бир күн мурда үч миллионго жакын адам жашаган Мешхед шаарында да баалардын кымбатташына каршы нааразылык акциясы өткөн.

Керманшах Ирандын эң жакыр провинциясынын баш калаасы. 29-декабрда Ирандын Решт, Казвин, Кум, Исфаган сыяктуу шаарларында да митингдер өткөнү кабарланды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG