Орусиянын Коопсуздук кызматы Санкт-Петербург шаарындагы дүкөндө жардыруу уюштурган шектүүнү аныктап, кармаганын кабарлады. Маалыматка караганда, кармалган адам тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Тергөө комитетине өткөрүп берилди.
«Интерфакс» агенттигинин жазышынча, кармалган адам Санкт-Петербургдун 35 жаштагы тургуну Дмитрий Лукьяненко. Ал ашкере улутчул «Жаңы доор» деп аталган кыймылдын катышуучусу экени кабарланууда.
27-декабрда Санкт-Петербургдун Калинин аянтындагы «Перекресток» дүкөнүнүн кампасында жардыруу болуп, 17 киши жараат алган. Окуяны орус президенти Владимир Путин «теракт» деп атаган болчу.
Мындан соң жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу моюнуна алганы кабарланган.
Бирок орус бийликтери муну четке кагып, террорчул уюм өзүн жарнамалоо үчүн колдонуп жатканын билдирди.