Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан 17 киши каза тапты


Cөөк коюу маалындагы жардыруу, 31-декабрь, 2017-жыл.
Cөөк коюу маалындагы жардыруу, 31-декабрь, 2017-жыл.

Жекшембиде Желалабадда сөөк коюу маалында жанкечтинин жардыруусунан кеминде 17 киши каза таап, дагы 13 адам жарадар болду. Облустук бийликтин өкүлүнүн билдиргенине караганда, шаардык көрүстөнгө мурдагы губернатордун сөөгүн коюуга маалда эл чогулган жерде жанкечти өзүн жардырган.

Өткөн бейшембиде башкалаа Кабулдагы шийиттердин маданий борборуна кол салуудан кеминде 41 кишинин өмүрү кыйылып, 80ден ашуун адам жарадар болду.

“Ислам мамлекети” террордук уюму бул кандуу чабуулдун жоопкерчилигин өз мойнуна алган.

АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн колдоосуна таянган ооган өкмөттүк армиясы талибдерге жана башка куралдуу топторго сокку уруп жатат. Ага карабастан ар кандай чабуулдардан адам өмүрү көп кыйылууда.

XS
SM
MD
LG