Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Иранда "Инстаграм" менен "Телеграмга" чектөө киргизилди


Тегеран университетинин алдындагы демонстрацияга катышкан аял. 30-декабрь, 2017-жыл.
Тегеран университетинин алдындагы демонстрацияга катышкан аял. 30-декабрь, 2017-жыл.

Иранда чөнтөк телефон аркылуу маалымат жана сүрөт-видеолорду жиберген популярдуу "Инстаграм" жана "Телеграм" тиркемелерине чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары билдирет.

ISNA баштаган бир катар агенттиктердин кабарларына караганда, Ирандын бийлиги "Телеграмды" "нааразылык маалында кастыкты күчөтүп жатат" деп айыптап, жекшембинин таңында ага бөгөт койгон.

Байланыш министри Мохаммад-Жавад Азари Жахроми "Телеграм" каналын «жардыруучу заттарды колдонууну, куралдуу көтөрүлүштү жана социалдык башаламандыкты кубаттап, контрреволюциячыл болуп жатат» деп айыптады.

«Эгерде контреволюционерлердин кырдаалды башаламандык жаратууга колдонууга ниети болсо, Улуттук коопсуздуктун жогорку кеңеши чара көрөт» - деп эскертти министр мамлекеттик телеканал менен болгон маегинде.

"Телеграмдын" башкы директору Павел Дуров Иранда канал жабылганын бышыктады.

Иранда үчүнчү күнү катары менен өлкөнүн бир топ жеринде массалык демонстрациялар уланууда. Анын жүрүшүндө эки киши мерт болуп, ондогон адамдар камалды.

XS
SM
MD
LG