Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 20:59

Медиа: Австралиялык дипломат Трампка айгак чыкты


АКШ сенаторлору прокурор Мюллердин иликтөөсүнө колдоо көрсөтүп турушат. 21-декабрь, 2017-жыл.

Доналд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулос 2016-жылдын майында австралиялык дипломат Александр Доунерге Орусияда Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтондун беделин түшүргөн саясий маанидеги маалымат бар экенин айтып берген. Бул тууралуу "Нью-Йорк таймс" гезити ишембидеги санына жазды. Анда Орусиянын колунда “Хиллари Клинтондун уятын чыгара турган” миңдеген каттар бар экендиги жөнүндө сөз болгон.

Макалада Демократиялык партиянын электрондук почтасын хакерлер талкалап кирип, ал каттар жарыяланып кеткен соң, Австралия болгон маалыматты ФБРге (АКШнын Федералдык иликтөө бюросуна) бергени айтылат.

“Электрондук почтаны талкалоо жана Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлүнүн жогорудагы сөзү 2016-жылдын июлунда ФБР баштаган иликтөөгө түрткү болушу мүмкүн”, – деп айтылат "Нью-Йорк таймстын" макаласында. Анда ошондой эле жагдайды билген учурда иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлердин берген маалыматтары келтирилет.

ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллер Орусиянын 2016-жылы Америкадагы шайлоого болжолдуу тийгизген таасирин иликтеген атайын прокурор болуп дайындалган. Ал өз ишинде Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышы болгон-болбогонун текшериши керек.

Алардын бири Пападопулос ФБРге калп айтканын мойнуна алып, учурда тергөө менен кызматташууда.

Ак үйдүн адвокаты Тай Кобб "Нью-Йорк таймска” чыккан макалага комментарий берүүдөн баш тартып, АКШнын администрациясы Мюллердин иликтөө тобу менен кызматташып жатканын гана билдирди.

XS
SM
MD
LG