Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Иран бийлиги демонстранттарды “темир муштум” менен коркутту


Тегерандагы жамы мечиттин алдына чыккан демонстранттар, 30.12.2017.
Тегерандагы жамы мечиттин алдына чыккан демонстранттар, 30.12.2017.

Иранда массалык нааразылык акциялары үч күндөн бери басылбай, ушул тапта өлкөдө кырдаал чыңалып турат. Адегенде ирандыктар социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышса, эми руханий лидер Али Хаменейинин бийликтен кетишин талап кылышууда.

Бийлик болсо нааразылыкты уюштуруучулар мыйзам алдында жооп берет деп, “темир муштумун” көрсөтүп коркутууга өттү. Өлкө боюнча демонстрациялар Телеграм каналы аркылуу башкарылган. Андыктан бийлик социалдык сайттардын бир тобуна бөгөт койду.

Бейшембиден бери он миңдеген кишилер өлкөнүн ар кайсы шаарларында көчөлөргө чыгып, бийликке нааразылыгын билдирип жатышат. Батыштын маалымат агенттиктери толкундоолор Тегеранды дагы каптагандыгын кабарлашты. Көчөгө чыккандар маркум аятоллола Хомейни бийликтен кулаткан 20-кылымдагы либерал мамлекет башчы, реформатор шах Резанын атын ураан чакырып турушту.

Ирандагы бул нааразылык иш-чаралары ислам ыңкылабынан берки эң ири толкундоолор деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG