Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

Орусияда мессенжерлердин ишин чектеген мыйзам күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда бүгүнтөн тартып мессенжерлердин ишин жөнгө салган мыйзам күчүнө кирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, эми ошол мессенжердин колдонуучуларынын баары атайын каттоодон өтүүгө тийиш. Аккаунт электрондук даректин жашыруун дарегине эмес, конкреттүү бир адамдын телефон номуруна байланган болушу зарыл.

Эгерде кардар бул талаптарды аткаруудан баш тарса, кызматтын администрациясы бир миллион рубль айыппул төлөөгө милдеттендирилет же абоненттин уюк байланышына кошулушу чектелет.

Мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр июлда кол койгон. Жарандык активисттер муну чектөө деп, мыйзамды артка кайтарууну талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG