Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кыла баштады


Казак жоокер мамлекеттик байрактын жанында.
Казак жоокер мамлекеттик байрактын жанында.

Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешиндеги бир жылдык төрагалык вазийпасын баштады.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2-январдан тартып кеңештин алдыдагы ишмердиги такталат.

«Казакстандын демилгеси боюнча адегенде Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары кийинки эки жылга шайланышына байланыштуу Кот-д'Ивуар, Кувейт, Нидерланды, Перу, Польша жана Экваториалдык Гвинеянын желектерин орнотуу расмиси болот», - деп кабарлайт министрлик.

18-январда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгы алдында «Массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо: ишеним чаралары» аттуу темада дебаттарды өткөрүү пландалган. Ал күндөрү Назарбаев АКШнын президенти Доналд Трамп менен да жолугары күтүлүүдө.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары расмий Астана өзөктүк куралдан арылып, тынчтыкка жетишүүгө, глобалдык согуш коркунучун жоюуга, аймактык чыр-чатактарды жөнгө салууга жана Борбор Азиянын кызыкчылыктарын коргоого, терроризмге каршы турууга артыкчылык берерин белгилейт.

Беш өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө, ал эми он өлкө - эки жылга шайланган туруктуу эмес мүчөлөр.

XS
SM
MD
LG