Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

Трамп Пакистанды зекиди


АКШнын президенти Доналд Трамп.
АКШнын президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп Пакистанды "экстремисттерге башпаанек берип жатат" деп айыптап, буга байланыштуу миллиарддаган доллар жардамын кыркып саларын айтып коркутту.

“Акыркы 15 жылда АКШ акылсыздык менен Пакистанга 33 млрд. доллардан ашык жардам берип келди. Бул үчүн ал (Пакистан) жалганчылык менен куулук кылгандан башка бизге эч нерсе берген жок. Ал биздин лидерлерди акмак ойлоп келди”, - деп Трамп “Твиттерге” жазды.

Ошол эле билдирүүсүндө ал "АКШ Ооганстанда сары изине түшкөн террорчуларга Пакистан башпаанек берип жатат" деп айыптады.

АКШ буга чейин Пакистан коңшулаш Ооганстанда чабуул коюп жаткан "Талибандын" жоочуларына башпаанек бергени үчүн нааразы болгон.

Америкалык расмий адамдардын пикиринде, жоочулар Пакистандын тоолуу жана жакшы кайтарылбаган чек араларынан өтүп келип Кошмо Штаттардын, Ооганстандын жана башка өнөктөштөрдүн күчтөрүнө кол салып келишет. Алар Пакистандын чалгын кызматынын жардамы менен бул өлкөдөгү башпаанектерине кайра кайтып жатат. Расмий Исламабад болсо мындай маалыматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG