Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

“Тазалык” Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтынан он тоннадан ашуун таштанды чыгарды


"Тазалыктын" кызматкерлери аянтта. (Сүрөт ишкананын соцтармактагы баракчасынан алынды).
"Тазалыктын" кызматкерлери аянтта. (Сүрөт ишкананын соцтармактагы баракчасынан алынды).

Муниципалдык ишкананын маалыматы боюнча, аянтта Жаңы жылды тосуудан кийин калган таштандыны тазалоо үчүн алты атайын техника, 60тан ашуун жумушчу тартылган. Аянт жарым саатта тазаланган. 50 кубдан ашуун таштанды болжол менен 10-11 тонна болот.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынан маалымдашкандай, быйыл таштанды жылдагыдан азыраак болду. “Адатта Эгемендик майрамынан жана Балдарды коргоо күнүнөн кийин аянт таштандыга толуп калат” дешти "тазалыкчылар".

Ал эми Ош шаарынын борбордук аянтынан Жаңы жыл кечесинен кийин 40 куб таштанды чыгарылганын “Ош-Тазалык" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG