Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

4-январда Канатбек Исаевдин соту уланат


Канатбек Исаев парламентте.
Канатбек Исаев парламентте.

30-декабрга белгиленген соттук жараян Исаевдин адвокаттары келбегенине байланыштуу 4-январга калтырылган. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү уланат.

26-декабрда жарыш сөзгө чыккан прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деп айыпталып жатат. Быйыл президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG