Бул түнү Жер планетасында жашагандар Айдын эң жарык нуруна күбө болушканын Орусиядагы "Москва планетарийи" илим изилдөө борбору жазды. Бул көрүнүш айдын толушу Жерге жакын жандоочко туш келгенине байланыштуу болду. Бул кубулуш Айды жердегилердин адаттагыдан 14 пайыз чоң жана 30 пайызга жарык көрүшүнө мүмкүнчүлүк берди.
Аталган маалыматта январь айынын башында жердегилер дагы бир нече астрономиялык кубулуштарга күбө болору айтылган. Ага ылайык, 3-январда Жер Күнгө эң жакын аралыкта болот, бул эң ири Күн алкагын көрүүгө шарт түзөт.
Ал эми астронавттардын айтымында 4-январга караган түнү "асмандан жылдыз жаайт", тагыраак айтканда саатына 120га чейин метеорит жерге карай агылат.