Кыргызстанда “Электрондук жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Ага ылайык эми жарандар уюк телефонунун номурун өзгөртпөстөн башка байланыш операторуна өтө алат. Мында оператордун коду гана алмашат.
Мыйзамга былтыр май айында кол коюлган. Анда уюк байланыш кызматын көрсөткөн операторлор абоненттерге мындай мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү экени, операторду алмаштыруунун жол-жобосу жазылган.
Мобилдик компаниялардын биринен кабарлашкандай, абоненттер адегенде тигил же бул оператордон ал каалаган номур бошпу, тактап алышы зарыл. Эгер бош эмес болсо, алмаштыруу мүмкүн эмес.
Кыргызстанда Байланыш операторлорунун ассоциациясынын курамына бүгүнкү күндө 20га жакын компания мүчө. (RK)