Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Сеул Түндүк Кореянын Олимпиадага катышуусу боюнча сүйлөшүү сунуш кылды


Ким Чен Ын жаңы жылдык сөз сүйлөп жаткан учур. Пхеньян, 1-январь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жаңы жылдык сөз сүйлөп жаткан учур. Пхеньян, 1-январь, 2018-жыл.

Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министри Чо Мунг-Гондун 2-январдагы билдирүүсүнө караганда, алар эки тараптын делегациясы демилитаризациялык зонада, чек арадагы кыштакта жолугуусун сунуш кылып жатат.

Бул эки коңшунун расмий өкүлдөрүнүн эки жылдан ашуун убакыт ичиндеги алгачкы жолугушуусу болот.

Түштүк Кореянын министри белгилегендей, жолугушууда негизги көңүл Олимпиада маселесине бурулат, бирок анын жүрүшүндө карым-катышты жакшыртуу маселеси да талкууланышы мүмкүн.

Расмий Сеулдан сүйлөшүү сунушу Пхеньнга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсүнүн делегациясын Кышкы Олимпиадага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн ишара кылгандан кийин жасалды.

Ким Чен Ын 1-январдагы кайрылуусунда “Биз Кышкы Олимпиада ийгиликтүү болот деп чын ниетибизден үмүтөнөбүз. Биз ар кандай кадамдарды жасоого, анын ичинде делегациябызды жөнөтүүгө даярбыз. Бул максатта эки Корея ыкчам жолугуша алат”,- деп айткан.

XXIII кышкы Олимпиадалык оюндар 2018-жылдын 9-25-февралында Түштүк Кореянын Пхенчхён шаарында өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG