Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Күйүүчү май кымбаттаганы турат


"Роснефть" компаниясынын баннери.
"Роснефть" компаниясынын баннери.

Кыргызстандагы мунайзат сатуучулардын жамаатынын - нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын январынан тартып Орусияда күйүүчү май акциздерине баа көтөрүлөрү алдын-ала кабарланган. Буга байланыштуу орусиялык мунай магнаттары кыргызстандык нефтетрейдерлер менен жаңы жыл үчүн күйүүчү майдын баасы боюнча келишим түзүүдөн баш тарткан. Ассоциациянын төрагасы Улан Куловдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, азырынча жаңы баалар белгисиз:

- Январь айы үчүн бизде келишим жок. Орус тарап ал акциз кымбаттагандан кийин түзүлөрүн айтып жатат.

Бүгүнкү күнү Бишкекте Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 40.37 сом, төмөнкү баасы 40 сом. Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 42,5 сом. Аи-98 бензини 48,5 сомдон сатылууда.

Дизелдик күйүүчү майдын литри 39-40 сом. Суюлтулган газ 23 сом турат.

Мунайзат сатуучулардын маалыматы боюнча, бул жаңы жылга чейин ташылып келген күйүүчү майдын баасы.

Кыргызстан Орусиядан атайын келишимдин негизинде жыл сайын бажы төлөмүнөн бошотулган 490 миң тонна дизелдик күйүүчү май жана 470 миң тонна бензин ала алат. Лимиттен ашканына кадимкидей бажы төлөмү төлөнөт.

Акыркы жарым жылдан бери Кыргызстанда күйүүчү май 15% кымбаттады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG