Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

АКШ Пакистанга чара көрүлөрүн билдирди


Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.

АКШнын президенттик администрациясы Пакистанды террорчулукка каршы күрөштө көбүрөөк иш кылууга чакырып, Исламабадга басымды күчөтүш үчүн жакынкы күндөрү "атайын иш-аракеттер" жарыялана турганын билдирди.

"Алар терроризмди токтотуш үчүн көбүрөөк иш кыла аларын билебиз. Биз алардан ошол иштерди жасашын күтөбүз", - деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.

Пакистанга карата жаңы чаралар алдыңкы 48 сааттын ичинде жарыяланышы мүмкүн. Ак үйдүн эскертүүсүнө чейин АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли президент Доналд Трамп Пакистанга жардам иретинде бериле турган 255 миллион доллардык жардамды токтоткону жатканын айткан. Ал расмий Исламабадды "бир эле учурда АКШ менен да кызматташып, террорчуларга да баш калка берип жатат" деп айыптаган.

Пакистандын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Малиха Лодхи өз өлкөсүнүн террорчулукка каршы күрөшү эч кандай эл аралык жардамга байланбай турганын, Пакистан жоочуларга каршы дүйнөдөгү эң чоң операцияларды өткөрүп жатканын айтты.

2-январда Пакистан АКШнын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырган. Анын алдында президент Трамп "Твиттер" аркылуу расмий Исламабадды "экстремисттерди калкалайт" деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG