Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Чет жакта эс алгандар бир жылда 20-30% көбөйдү


"Манас" аэропортундагы жүргүнчүлөр.
"Манас" аэропортундагы жүргүнчүлөр.

Чет өлкөлөргө чыгып эс алган кыргызстандыктар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Туризм ассоциациясынын жетекчилер кеңешинин төрагасы Талант Токталиев билдирди. Анын айтымында, соңку бир жыл ичинде чет өлкөгө барып эс алып келгендер 20-30% арбыды.

Негизинен Египетке, Түркияга, араб өлкөлөрүнө, Таиландга жана Европа мамлекеттерине, жада калса алыскы аралдарга каттагандар да бар:

- Доминикана, Сейшелге барышат. Мальдив аралдарына, Шри-Ланкага да каттап жатышат, - дейт Токталиев.

Кыргызстанда болжол менен 300гө жакын туристтик компания бар. Алардын 70и Туризм ассоциациясына мүчө.

Адистердин пикиринде, эс алуусун чет өлкөлөрдө өткөргөн жарандардын көбөйүшүнө элдин каржылык мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши, ар кандай арзандатуу акцияларынын ойнотулушу себеп болууда.

Учурда Египетке жана Таиландга түз каттамдар бар, жакында Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарына кошумча түз рейстер ачылганы турат. (KE)

XS
SM
MD
LG