Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:36

Ирандын Тбилисидеги элчилигинин алдында митинг өттү


Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын Тбилисидеги элчилигинин алдына Грузияда бозгунда жүргөн ондогон ирандыктар нааразылык акциясына чыгышып, президент Хасан Роуханинин кызматтан кетишин талап кылышты. 3-январдагы митингдин катышуучулары Ирандын бийлигин демократиялык реформаларды жүргүзүүгө жана дин эркиндигин камсыз кылууга үндөштү.

Грузияда жашаган ирандыктардын көбү христиан динин карманышаарын, алар Иранда "Революция сакчылары кеңеши" тарабынан куугунтукталгандыктан чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болушканын айтышат.

Тбилисидеги митингчилердин бири Али Руста Иранда жүргөндө бийлик өкүлдөрү андан христиан дининен баш тартууну талап кылышканын, болбосо "камаласың" деп коркутушканын "Азаттыктын" грузин кызматына айтып берди.

Иранда 28-декабрда башталган өкмөткө каршы ири демонстрацияларда кеминде 22 адам каза тапты. 450дөн ашык демонстрант камакка алынды. Ирандын лидерлери "митингдерди козутту" деп өлкөнүн "душмандарын" айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG