Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Өзбекстан-Кыргызстан унаа каттамы тууралуу протокол күчүнө кирди


Чек ара.
Чек ара.

Эки өлкөнүн ортосунда эл аралык автоунаа каттамын жүргүзүү боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык келишими 30-декабрдан тартып күчүнө киргенин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча, бул протоколго 2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган.

Документ боюнча, тараптар бири-бирине өз аймагы аркылуу автоунаалардын транзит тартибинде эркин жүрүшүнө кепилдик берет жана Ташкент–Анжиян–Ош–Эркечтам–Кашкар багыты боюнча унаалардын жүрүшүнө жагымдуу шарттарды түзөт.

Айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын Ош шаары менен Өзбекстандын борборун байланыштырган унаа каттамы ишке кирерин жазып чыгышкан.

23-декабрдан тарта "Эйр Манас" авиакомпаниясы Бишкек-Ташкент-Бишкек багытында авиакаттамдарды жүргүзө баштады.

2017-жылдын 6-октябрында Ташкентке Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен барган. Иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ар кайсы тармактагы кызматташтык боюнча 12 келишимге кол коюлган. Мындан тышкары тараптар өз ара ишенимди бекемдөө, коңшулук мамилени, эл достугун чыңдоо багытындагы декларацияга кол коюшкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG