Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Токмокто суунун деңгээлин төмөндөтүү иштери уланууда


Токмоктогу арыктарды тазалоо.
Токмоктогу арыктарды тазалоо.

Токмок шаарында жер кыртышындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, шаардын Октябрдын 70 жылдыгы, Родниковая, Охотничая көчөлөрүндө ачык типтеги коллектордук дренажды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Жалпы тазаланган дренаждын узундугу 200 метр.

Москва районунан бир экскаватор жана Токмок шаардык № 21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн үч киши тартылган тазалоо иштери бүгүн да уланууда.

24-декабрда Токмок шаарынын Саадаев көчөсүндөгү үч көпүрө алынып, жалпысынан 450 метр жана Жаантаев көчөсүндө 520 метр аралыкта дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан башка бир катар көчөлөрдө арыктардын боюндагы бактар кыйылган.

19-декабрда Токмок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу Токмок шаарында жана Чүй районунун аймагында “өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG