Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Дүйшөмбү шаарындагы элчиликти Кожентке көчүрүү сунушталды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигин Дүйшөмбү (тажикче Душанбе) шаарынан Кожентке көчүрүү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Тажикстан менен негизги карым-катнаш Кожент шаары менен болууда. Ал жерде өкүлчүлүк жок экен” деди депутат.

Ошону менен катар Тиллаев Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтеринин ишин парламентте талкуулоону сунуш кылды.

Бизде баары кошулуп 38 дипломатиялык өкүлчүлүк бар экен. Бирок алар аткарган бир көрүнүктүү жумуш көрбөй жатабыз. Февраль айында календарга киргизип, министрдин ар бир элчилик боюнча отчетун уксак. Мамлекет миллиондогон акча кетирип аларды кармап турат. Кээ бир өкүлчүлүктөр айлык алып жумушта отурганына эле сүйүнүп жүрөбү дейм. Инвестиция тартуу боюнча саналуу эле элчиликтердин ишин көрүп жатабыз. Көпчүлүгү ишти алгылыктуу алып бара албай жатат”, - деди депутат.

Жыйынга катышкан өкмөттүн парламенттеги өкүлү депутаттын бул сынына жооп берген жок.

Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. 30 дипломатиялык өкүлчүлүк, 8 консулдук бөлүм бар. (RK)

XS
SM
MD
LG