Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Жалган маалымат үчүн кенемте боюнча сунуш талкууга түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Жарандык кодексти өзгөртүү боюнча коомдук талкууга чыгарган сунуштар сөз эркиндигине шек келтирет. "Сөз эркиндигин коргоо комитети" уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов ушундай пикир айтты.

Анын айтымында, Жарандык кодекске киргизүүгө сунуш кылынган өзгөртүүлөр жарандардын маалымат каражаттары жана Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу өз пикирин эркин билдирүү укугун чектейт.

Жарандык кодекстин жаңы редакциясынын долбоору коомдук талкууга былтыр ноябрда чыгарылган. Аны КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов иштеп чыккан.

Кодекске киргизиле турган өзгөртүүлөр маалымат каражаттарында жарыяланган жарандардын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнүн жол-жобосун аныктайт. Аларга ылайык, сот жарандарга социалдык түйүндөрдө кайсы бир маалыматты төгүндөөнү милдеттендирсе, "өзү көргөндөй" же "достору гана көргөндөй" статус менен эмес, бардык колдонуучулар таанышкандай шартта жарыялашы керек болот. Төгүндөөнү дароо өчүрүп салганга болбойт.

Ошондой эле өзгөртүүлөрдө сот чечим чыгарганда таянууга тийиш болгон моралдык зыян үчүн кенемтенин минималдык чеги катары 20 миң сом каралган. Бул арыз берген жаран кенемтенин суммасын өзү аныктабаган учурда колдонулат.

Жарандык активисттер бул өзгөртүүлөр маалымат каражаттарына карата көзөмөлдү күчөтүү максатын көздөйт деп эсептешет.

Мыйзам долбоорунун автору Дастан Бекешов мындай сындарды четке кагып, өзгөртүүлөрдү Жарандык кодексти учурдагы талапка ылайык келтирүү аракети менен гана байланыштырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG