Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Иран: АКШ ички ишибизге кийлигишти


Голамали Хошро.
Голамали Хошро.

Улуттар Уюмундагы Ирандын өкүлү Голамали Хошро "ички ишибизге кийлигишип жатат" деп 3-январда Кошмо Штаттарды айыптады.

Андан аз мурда президент Доналд Трамп Ирандагы өкмөткө каршы чыккан демонстранттарды кубаттоосун улантып, "ылайыктуу учурда силер АКШдан чоң колдоо көрөсүңөр" деген болчу.

Коопсуздук кеңешине жана баш катчы Антонио Гутеррешке жазган катында Хошро АКШ эл аралык укукту жана Улуттар Уюмунун уставын бузганын белгилеп, Вашингтондун билдирүүсүн сындоого чакырат.

"Кошмо Штаттардын президенти жана вице-президенти көп сандаган абсурд твиттер менен ирандыктарды бүлүндүрүүчү аракеттерге көкүтүүдө" деп айтылат элчинин катында.

АКШ дагы БУУнун Коопсуздук кеңешинен Ирандагы окуяларды талкуулаш үчүн жыйын өткөрүүнү, анда 22 адамдын өлүмүнө жооптуу адамдарга каршы санкция киргизүүнү караштырууну өтүндү.

Иранда 28-декабрда башталган нааразылык акциялары токтой элек. Күч түзүмдөрү менен кагылышуу учурунда өлгөндөр 22ге жеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG