Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Макмастер: Ак үй Кремлдин шайлоого кийлигишкенинен шек санабайт


Герберт Макмастер.
Герберт Макмастер.

Ак үй Кошмо Штаттардагы президенттик шайлого кийлигишүү аракетинин артында Кремл турганынан күмөн санабайт. Бул тууралуу "Америка добушу" радиосу менен болгон маегинде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер билдирди.

Макмастер башка да көп өлкөлөрдүн шайлоосуна кийлигишүү үчүн Орусия колдонушу мүмкүн болгон "абдан өнүккөн жаңы стратегияга" каршы туруу зарыл экенин айтты. Кеңешчи Интернет түйүндөрүндө маалыматты бурмалоонын жана үгүттүн эсебинен өркүндөткөн ал система менен Москва бутага алган өлкөдөгү саясий топторду бири-бирине тукурууну көздөөрүн белгилейт.

Ошондой эле Макмастер Кремл АШда эле эмес, Франциядагы президенттик шайлоого, Каталониядагы референдумга да кийлигишкен деген пикирде.

"Орусиянын туруктуулукту бузуучу иш-аракеттеринин бетпардасын сыйруу - Орусиянын чыныгы максатын көрсөтүүгө жол ачкан маанилүү биринчи кадам" дейт Макмастер.

Москва маалымат мейкиндиги аркылуу шайлоого кийлигишкенин танып келет.

XS
SM
MD
LG