Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Иран: толкундоо, кайым айтышуу токтой элек


Ирандагы демонстранттар.
Ирандагы демонстранттар.

Иранда бийликке каршы митингдер башталгандан бери сегиз күн күн өттү. Бейшембидеги демонстрациялар жума башына салыштырмалуу басаңдап калганы тууралуу кабарлар тарап жатат. Бирок канчалык басаңдаганы азырынча так белгисиз.

28-декабрдан бери кеминде 22 адам өлүп, миңдей киши кармалды. Нааразылык акцияларына байланыштуу дипломатиялык кайым айтышуу, эл аралык коомчулуктун басымы токтой элек.

Кошмо Штаттарга катар Европадагы бир катар лидерлер да Ирандагы демонстранттардын өмүрүн алган окуяларды айыптап жатышат. Германиянын тынчсыздануусун тышкы иштер министри Зигмар Габриэль билдирди:

- Баарыбыз Ирандагы чатак ырбап баратканына тынчсызданып турабыз деп ойлойм. Өлгөндөр жана жарадарлар көп. Өз өлкөсүндөгү саясий же экономикалык жагдайга нааразылык билдирүү мүмкүнчүлүгү дайыма болушу керек. Бирок бул тынч жол менен болуп, бийлик да ага күч менен жооп бербеши зарыл. Сөз эркиндигине карата укук колдоого алынышы зарыл.

28-декабрда Мешхед шаарында азык-түлүктүн кымбатташынан улам башталган нааразылык акциялары тез арада өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, өлкө саясатына нааразылыкка айланды.

Өлкөнүн жогорку бийлиги толкундоолордун артында Ирандын душмандары турат деп, бирок алардын аттарын атаган жок.

XS
SM
MD
LG