Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Масалиев: Депутаттарды коёнго окшотуп кубалаганды токтотолу


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламентти негизсиз жамандагандарды жоопко тартыш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди жана депутаттардын аброюн коргоого биринчи кезекте спикер жооптуу экенин эске салды:

- Урматтуу төрага, жаңы жылдан баштап ар бир депутаттын аброюна шек келтирген факты боюнча сиз чара көрүшүңүз керек. Болду, токтотолучу, депутаттарды коенго окшотуп кубалаганды. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз. Эртеден баштап жардамчыларыңыз гезиттерди окуп, кайсы депутатты эмне деп жамандап, каралап жатышканын сизге айтып бериши зарыл. Эгерде туура эмес болсо жоопко тартыш керек. Кандай жоопко тартылат, бул башка кеп. Бирок Жогорку Кеңешти жөндөн-жөн каралоого мүмкүнчүлүк бербешиңиз керек.

Масалиев ошондой эле журналисттерди парламентке көп чакырып, депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип туруу керек экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин азыркы, алтынчы чакырылышы 2015-жылы шайланган. Парламент алты фракцияга кирген 120 депутаттан турат. (RK)

XS
SM
MD
LG