Өрттөн каза тапкандардын бири 24, экинчиси 27 жашта болгон. Ал эми 17 жаштагы кыргызстандык жаран денеси күйүп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчиси Мурат Азымбакиев "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Кырсык болуптур, эки жараныбыз кайтыш болуптур, дагы бирөөнүн жарааты экинчи даражадагы күйүк деп бааланууда. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Азымбакиевдин маалыматы боюнча, Новосибирскидеги консулдук ушу тапта маркумдардын сөөгүн мекенине жиберүүгө аракет кылып жатат. Тиешелүү себептерден улам каза болгондордун жана жабыркаган адамдын аты-жөнү айтылган жок.
4-январда эртең менен Новосибирск облусунун Чернореченский аймагында бут кийим кампасында өрт чыгып, андан он киши набыт болгон.
Маалыматтар боюнча, өрт эки миң чарчы метрди чапчыган. Учурда өрттүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканы кабарланууда.
Өрттүн себептери иликтенүүдө, бул факты боюнча кылмыш иши козголду. (ZKo)