Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

AI Иранды митингчилерге курал колдонууну иликтөөгө чакырды


Ирандагы демонстранттар
Ирандагы демонстранттар

"Эл аралык мунапыс" (Amnesty International) укук коргоо уюму Иран бийлигин демонстранттарга каршы мыйзамсыз курал колдонулган деген кабарды иликтөөгө чакырды. Андан тышкары камакка алынган жүздөгөн адамдарды кыйноолордон жана башка орой мамилелерден коргоо зарылдыгын белгиледи.

"Коопсуздук күчтөрүнүн куралсыз демонстранттарга карата ок атуучу куралдарды колдонгону тууралуу кабарлар терең тынчсыздандырат жана Ирандын адам укуктары боюнча милдеттемелерине каршы келет", деди уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча директору Филипп Лютер.

Иранда 28-декабрда башталган митингдер айрым шаарларда башаламандыкка айланып, полиция менен кагылыштарда жалпысынан 22 киши өлгөнү кабарланган.

Демонстранттардын өлүмүнө байланыштуу БУУ баштаган эл аралык коомчулук тынчсыздануусун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG