Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Иран Трамптын билдирүүсү үчүн АКШны соттоону БУУдан талап кылды


Ирандагы өкмөттү колдогон митинг.
Ирандагы өкмөттү колдогон митинг.

Ирандын бийлиги АКШны "эл аралык укуктарды бузду жана ички иштерге кийлигишти" деп айыптоодо. "АКШнын президенти жана вице-президенти өздөрүнүн көптөгөн "Твиттеринде" Ирандын жарандарын башаламандык акцияларына тукурушту" деп айтылат Улуттар Уюмуна жазылган катта. Кеп Иранда бир жумадан ашуун убактан бери созулуп жаткан массалык нааразылык акцияларына АКШнын жетекчилигинин мамилеси жөнүндө болуп жатат.

АКШнын президенти Доналд Трамп "Твиттерде" нааразылык акцияларына чыккандарды колдоорун билдирип, "мезгили келгенде АКШ аларга жардам берерин" жазган. Нааразылык акцияларын вице-президент Майк Пенс дагы колдоп, "Иранда өзгөрүү болушун талап кылып чыккандар жалпы дүйнөдөгү эркиндикти сүйгөн адамдарга жакын болушу керек" деп "Америка добушу" радиосундагы маегинде билдирген. Пенс АКШ жана башка өлкөлөр ирандыктарга радикалдык идеологияны кулатууга жардам бериши мүмкүн экенин айткан.

Ошол эле учурда АКШ администрациясынын өкүлдөрү Америка жана анын союздаштары Ирандагы массалык нааразылыкка тиешеси жоктугун, митингдер Иран коомчулугунун пикири экенин билдиришүүдө.

Ирандын бийлиги "элди массалык акцияларга көкүттү" деп Сауд Арабиясы менен Израилди да айыптап жатат.

Иранда бир жумадан бери болуп жаткан толкундоолордо жыйырмадан ашуун киши мерт болду. Вашингтон бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинде кароону талап кылды. Буга Москва каршы чыкты.

XS
SM
MD
LG